Bilateral Student Mobility 2025 программасы боюнча брифинг-семинар

2024-жылдын 10 сентябрында АЭУнун Эл аралык мамилелер кеңсеси тарабынан уюштурулган 2025-жылдын жазгы семестрдин Bilateral Student Mobility программасына тапшыруу боюнча брифинг-семинар болуп өттү.  

Bilateral Mobility/Exchange программасына катышкан студенттер кабыл алган университетке барууда, визага, жашоого байланыштуу чыгымдарын өз алдынча төлөп, бирок кабыл алуучу университетке окуу акысын төлөбөйт, анткени алар өздөрү окуп жаткан ЖОЖдун окуу акысын төлөшөт.

Тандоо критерийлери: 

• Англис тилин билүү деңгээли – В2 же андан жогору 

• Тапшырылбай калган сабактардын жок болушу 

• Орточо балл 70 же андан жогору 

Эскертүү: биринчи жана акыркы семестрдин студенттери программага катышууга арыз бере алышпайт.

Керектүү документтер: 

Онлайн арыз формасы 

● Студенттик бөлүмдөн официалдуу транскрипт (А -102) 

● Чет элдик паспорттун көчүрмөсү 

● Англис тилин билүү деңгээлин тастыктаган сертификат (А - 214)

Өнөктөш университеттердин тизмеси менен шилтеме аркылуу таанышууга болот. болот.

Өнүккөн өлкөлөрдөгү көптөгөн жогорку рейтингдеги университеттер алмашуу программасына катышуу үчүн расмий TOEFL баллын талап кылышат, ошондуктан талапкерлерге расмий TOEFL сынагын тапшуруу сунушталат.

Документтерди тапшыруу жана башка маалыматтар менен ушул шилтемеден таанышсаңыздар болот.