Канзас университетинин профессору конок лекция өткөрдү

2024-жылдын 17 сентябрында Канзас университетинин география жана ATMO профессору Александр Динер Эл аралык мамилелер кафедрасынын студенттери үчүн “Борбордук Азиянын чек аралары: Дипломатия жана пара-дипломатия рычагдары” темасында конок лекциясын өткөрдү. Тема чоң кызыгууну жаратып, дипломаттык карьерага даярданып жаткан студенттер үчүн пайдалуу болду.

Мындан тышкары профессор Динер АЭУнун Silk Road Research Center изилдөөчүлөрү жана окутуучулары менен жолугушту. Визиттин башкы максаты – кесиптик байланыштарды жана кызматташтыкты бекемдөө. АЭУ профессорго сапары жана кызыктуу лекциясы үчүн ыраазычылык билдирет.