Ала-Тоо Эл аралык университетинде тынчтыктын дарагы отургузулду

September 28, 2018

   Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынып, 2013-жылдан тарта жарыяланган 21-сентябрь — Бүткүл дүйнөлүк тынчтык күнү дүйнѳ жүзүндѳгү кѳптѳгѳн ѳлкѳлөрдө белгиленип келет. Бул күн дүйнөдө тынчтык идеяларын жайылтуу максатында кабыл алынган.
  21-сентябрь күнү Ала-Тоо эл аралык университетинин медицина факультети менен журналистика кафедрасынын студенттери тарабынан иш-чара уюштурулду. Программа университеттин бакчасына түбөлүк жашоонун символу болгон «Аризона кипариси» дарактарын отургузуу менен башталды. Университетин чет өлкөдөн келген окутуучулары жана Сомали, Түштүк Африка, Германия, Грузия, Өзбекстан, Казакстан, Түркия жана Тажикстан өлкөлөрүнөн келип, билим алып жаткан студенттери Тынчтык күнү тууралуу өз ой-пикирлерин жана каалоолорун айтыштып, тынчтыктын символу болгон көгүчкөндөрдү учурушту. Катышуучулардын маанайын көтөргөн программанын аягында «Сейтек» мектебинин окуучулары кыргыз бийин тартуулашты.
   Иш-чаранын максаты — жаштардын тынчтыкка болгон ишенимин арттырып, келечекте тынчтык өкүм сүрүүсүнө салым кошуу.
  Уюштуруучулар бул иш-чаранын жыл сайын өткөрүлүп турушу маанилүү экенин баса белгилеп, дүйнөдө дайыма тынчтык, бейпилдик жана ынтымак болушун каалашты.

http://bilim.akipress.org/kg/news:352581