Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде «Ч.Айтматов – улут сыймыгы» аттуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган Ч.Айтматов жумалыгы башталды.

October 17, 2018

  15-октябрь күнү Эл аралык “Ала-Тоо” университетинде «Ч.Айтматов – улут сыймыгы» аттуу жазуучунун 90 жылдыгына арналган  Ч.Айтматов жумалыгы башталды. Роза Айтматова катышуусунда Ч.Айтматов атындагы кабинеттин ачылышы болду. Филология кафедрасы жана студенттеринин чеберчилиги менен атайын жасалган бөлмө жөнүндө кафедранын жетекчиси ф.и.к. доц. Нурзат Казакова маалымат берди. Катышуучулар бөлмө менен таанышкан сон, Ч.Айтматовдун чыгармаларынан чагылдырылган каллиграфия жана сүрөт  көргөзмөсүн кыдырышты. Роза Айтматова бул иш чарада студенттердин ишмердүүлүгунө жогорку баа берип, студенттердин чыгармаларды чагылдырып берүүдөн мурда аны канчалык денгээлде жакшы түшунгөнүн баса белгилеп кетти. Программанын түштөн кийинки бөлүгүндө, Роза Айтматова, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, ф.и.д, илим жана техника багытындагы К.Тыныстанов атындагы сыйлыктын лауреаты Айнура Кадырманбекова жана университеттин жалпы жамаатынын катышуусунда салтанаттуу кече уюштурулду.