2024-жылдын октябрь айында АЭУ менен EPAM Kyrgyzstan ортосунда меморандумга кол коюлду.
EPAM Kyrgyzstan менен кызматташуунун алкагында компания студенттердин кесиптик өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, билим берүү программаларын өркүндөтүүгө көмөктөшөт. Мындан тышкары EPAM Kyrgyzstan ички лабораторияга катышуу үчүн перспективдүү талапкерлерди тандап алууну пландаштырууда. Анда алар өз көндүмдөрүн өнүктүрүп, реалдуу долбоорлордун үстүндө иштей алышат.
EPAM Kyrgyzstan – 50 өлкөдө көрсөтүлгөн глобалдык EPAM компаниясынын бир бөлүгү. Дүйнө жүзү боюнча кардарларга санариптик өнүмдөрдү жана платформаларды иштеп чыгуу, булуттагы трансформация, маалыматтар жана аналитика, сапаттуу инженерия жана технологиялык трансформация кызматтарын көрсөтөт. АЭУ EPAM Kyrgyzstan компаниясына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирет жана жемиштүү кызматташууга ишенет.
Маалымат булагы: EPAM Kyrgyzstan.