АЭУда “ALA-TOO DAILY” – Кыргызстандагы биринчи санариптик студенттик гезитинин бет ачары өттү

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинде (АЭУ) конференция форматында Журналистика, Медиа жана PR күнү өтүп, анын алкагында “ALA-TOO DAILY” – Кыргызстандагы биринчи студенттик санариптик гезитинин бет ачары болду. Бул медиапродукт “Виртуалдык журналистика” курсунун алкагында түзүлгөн. 2023-2024-академиялык жылында журналист-студенттер WordPress деп аталган эң популярдуу веб-контентти башкаруу системасынын негизинде санариптик гезит түзүүнү үйрөнүштү. Дүйнө жүзүндө бардык сайттардын 64,2% WordPress’тин негизинде иштейт, атап айтканда, New York Times, CNN, BBC, Financial Times жана башка глобалдык маалымат каражаттары. 

Мультимедиялык материалдарды жарыялоо үчүн өздүк санариптик платформанын болушу билим берүү процесси үчүн да, АЭУнун “Журналистика” программасынын студенттеринин келечектеги карьерасы үчүн да чоң мааниге ээ. Санариптик басма иши заманбап технологиялар менен иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, жашоонун бардык чөйрөлөрүн санариптик трансформациялоо доорунда медиа жана журналистика адистеринин кесиптик калыптанышынын маанилүү шарты болуп саналат.

«Cанариптик платформа «ALA-TOO DAILY» студенттерге учурдун талабы болгон санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле журналистика, медиа жана коомчулук менен байланыш тармагында келечектеги карьера үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, өз портфолиосун түзүүгө жол ачат. Бул долбоордун үстүндө иштеген жалпы командага алардын талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирем” – деп белгиледи АЭУнун окуу иштери боюнча проректору Рустам Умаров.

Кыргызстандагы алгачкы студенттик санариптик гезиттин бет ачарына арналган иш-чарага АЭУнун студенттери жана административдик-окутуучулук курамы, тактап айтканда “Гуманитардык илимдер” факультети, “Журналистика” жана “Коомчулук менен байланыш жана жарнама” программасынын студенттери чогулду. Ошондой эле АЭУну медиа жана коммуникация тармагындагы белгилүү журналисттер жана эксперттер куттукташты, алардын арасында режиссер-документалист Асан Айтикеев, жаңылыктардын диктору Вера Черникова жана кыргыз журналистикасынын легендасы Александр Шепеленко болушту. 

Салтанаттуу ачылышта долбоордун жаратуучулар тобу “ALA-TOO DAILY” миссиясы, максаттары жана келечектеги пландары тууралуу айтып беришти. “Журналистика” программасынын студенттери санариптик маалыматтык материалдарды түзүү боюнча өз тажрыйбалары жана докладдары менен бөлүшүштү. Ал эми “Коомчулук менен байланыш жана жарнама” жаңы программасынын студенттери иш-чараны гана өткөрбөстөн, жыл ичинде аткарылган илимий-практикалык иштер жөнүндө отчет беришти. АЭУнун окутуучусу жана Netflix кинокомпаниянын даректүү тасмаларынын продюсери Сэм Хан санариптик медианын жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тематикалык лекциялык мастер-класс өткөрдү. 

Университеттин “ALA-TOO DAILY” санариптик гезитиндеги мыкты макалага чыгармачылык сынагынын лауреаттары студенттер Жибек Сыдыкова менен Мамасадык кызы Анжелика жаңы медиа технологиялар, жасалма интеллект, подкасттар жана башка мультимедиалык материалдар тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле Эмир Темиров бүгүнкү күндө медиа-индустрияга жогорку сапаттагы санариптик баяндар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жаткан новатордук технология, нурларды издөө жөнүндө аналитикалык макаланын үстүндө жасаган иши тууралуу айтып берди. Ал эми конкурстун жеңүүчүлөрү АЭУнун “Журналистика” программасынын 4-курсунун студенттери Актан Кубанычбеков, Дарья Хан жана Азамат Мурзабеков экологиялык журналистика жанрында “Бишкектин архитектурасы шаарды кантип өлтүрөт” темасында кызыктуу доклад жасашты.

Конференциянын урунттуу учурларынын бири – өзүн журналистика жана медиа тармагында мыкты көрсөткөн АЭУнун студенттерин сыйлоо болду. Санарип гезитиндеги эң мыкты студенттик эмгектер өзгөчө сыйлыктар менен сыйланды. Бул иш-чара жаш таланттарды колдоонун маанилүүлүгүн жана алардын Кыргызстандын медиа мейкиндигин келечекте өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи. Жеңүүчүлөргө белектерди АЭУнун Административдик-чарба иштери боюнча проректору Сеитбек Тиллеков, Гуманитардык илимдер факультеттин деканы Нурлан Исмаилов, “Журналистика” программасынын бөлүм башчысы Аида Абдулдаева, ошондой эле өз ишинин мыктылары, медиа-эксперттер жана окутуучулар Кубанычбек Таабалдиев, Наристе Алиева жана Жамбы Жусубалиева тапшырышты. 

АЭУнун проректору Сеитбек Тиллеков санариптик медиа студенттерине колдоо көрсөтүп, анын университеттин жалпы жамааты жана кеңири аудиториясы үчүн маанисин баса белгиледи: “Өздүк виртуалдык гезиттин үстүндө иштөө «Журналистика» программасынын студенттерине жаңы кесиптик билимдерди жана виртуалдык материалдарды түзүү боюнча чыгармачылык-практикалык көндүмдөрдү алууга мүмкүндүк берди. Бул өз кезегинде заманбап виртуалдык журналистика рыногунда студенттердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.” 

Белгилей кетсек, бир жыл ичинде медиа-эксперт Наристе Алиеванын жетекчилиги астында журналист-студенттер жаңылыктар, отчеттор, репортаждар сыяктуу санариптик маалыматтык материалдарды жазуу жана жарыялоо техникасын өздөштүрүшүп, экология, жаңы технологияларды жана жасалма интеллектти өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу темаларга кеңири мультимедиялык макалаларды түзүүнүн үстүндө иштешти. Быйылкы окуу жылында “Журналистика” программасынын студенттери 166дан ашык маалыматтык материалдарын чыгарышты.

“Мен АЭУда медиа тармагында ушундай сапаттуу иш-чаралар өтүп жатканына абдан кубанычтамын, анткени журналистика – бул кеңири түшүнүк. Репортерлор бар жана көшөгө артында макала жазгандар, тигил же бул жагынан көңүл борборунда турган телекөрсөтүү инсандары бар. Бирок алардын бардыгын бир нерсе бириктирип турат – маалыматтык берүүнүн борборунда болууга умтулуу. Дал ушул себептен мен биринчи кезекте журналистиканы тандадым, себеби алдыңкы катарда болууну каалайм. Экинчи себеп, албетте, медианын чыгармачыл жагын абдан жакшы көрөм.” - деп белгиледи “Журналистика" программасынын студенти Адилетбек Дженишбеков.

Санариптик гезитти түзүү АЭУ үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн студенттик басма сөздү өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Бүгүнкү күндө “ALA-TOO DAILY” тесттик режимде иштеп жатат. Жаңы окуу жылынан баштап гезиттин туруктуу редакциясы түзүлүп, гезит күн сайын актуалдуу жаңылыктардын жана маалыматтык-аналитикалык материалдардын булагы болуп калат. “ALA-TOO DAILY” Кыргызстандагы, Борбордук Азиядагы жана дүйнө жүзүндөгү актуалдуу академиялык жана коомдук темаларды чагылдыруу үчүн Кыргызстандагы биринчи жана азырынча жалгыз санариптик студенттик веб-платформа болуп калат. Өз кезегинде Журналистика, Медиа жана PR күнү мындан ары “Журналистика” жана “Коомчулук менен байланыш жана жарнама” программаларынын студенттери үчүн жыл сайын отчеттук иш-чара катары өткөрүлмөкчү. 

Фотоотчет: