Заманбаап коомдо улуттук наркты жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу

2024-жылдын 18-апрелинде өткөн конференцияда АЭУнун жана башка ЖОЖдун студенттери жана магистранттары “Заманбап коомдо улуттук наркты жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” аталышында илимий изилдөөлөрүн сунушташты.

“Улуттук нарк, маданият жана спорт” секциясында изилдөөчүлөр улуттук баалуулуктарды, маданиятты жана спортту сактоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты. Конференцияга кабыл алынган 10 илимий макалалардын ичинен 1-орун Элиза Бекетаева менен Нурпери Нурбаевага кыргыз аялынын образын жана дүйнөнүн улуттук лингвистикалык картинасындагы “Белдемчи” лексемасын талдоого арналган изилдөөлөрү үчүн ыйгарылды. Ширин Момбекова, Чолпон Ишаева, Индира Макамбаева жана Рахима Кубатбекова кыргыз элинин улуттук баалуулуктары, каада-салттары жана менталитетин чагылдырган эмгектери үчүн көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Конференция актуалдуу көйгөйлөрдү терең талкуулоо жана маданий мурастарды сактоо жана социалдык өнүктүрүү жаатында инновациялык чечимдерди табуу үчүн мыкты аянтча болду.