Франкофония 2024

Франкофония жумалыгы 2024 конкурсу Лингвистика кафедрасынын 1-курстун студенттери тарабынан уюштурулган кызыктуу иш-чара болду. Катышуучулар француз тилине жана маданиятына болгон сүйүүсүн үч кызыктуу этап аркылуу көрсөтүштү.

Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө хор менен француз ырлары аткарышты. Бул этап катышуучуларга музыкалык талантын жана командада иштөө жөндөмдүүлүгүн көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Экинчи этапта француз мультфильмдериндеги үн, актердук чеберчилигин көрсөтүшүп, катышуучулар өздөрүнүн сүйүктүү каармандарынын образын француз тилинде чагылдырышты.

Жыйынтыктоочу этап ар бир топко өз каалоосу боюнча эркин актысын көрсөтүү менен өзүнүн индивидуалдуулугун жана чыгармачылыгын көрсөтүүгө мүмкүндүк берди.

Тилчилер тобу бул кызыктуу иш-чараны уюштуруп гана тим болбостон, француз тилин жана маданиятын үйрөнүүгө болгон жогорку даярдыкты жана дилгирликти көрсөтүп, татыктуу түрдө биринчи орунду ээледи.