13-ноябрда Илим күнүн майрамдоонун алкагында мугалимдердин, студенттердин жана ардактуу коноктордун катышуусунда илимий семинар болуп өттү. Иш-чараны ачып, гуманитардык факультеттин деканы ф.и.к. Алияскаров Бекчоро, келечектеги адистерди калыптандырууда илимий изилдөөлөрдүн жана дисциплиналар аралык алмашуунун маанисин баса белгиледи.
Ошондой эле АЭУнун илимий иштер боюнча проректору Калдыбаев Салидин куттуктоо сөз сүйлөп, илимпоздордун жана студенттердин изилдөөнүн жаңы багыттарын өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи. Негизги коноктордун бири КР УИАнын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору, профессор Усабалиев Бейшенбай Шенкеевич “Чыгармачылык менен илимдин байланышы” деген темада лекция окуду. Анын сөзүндө инновациялык идеяларды жаратуу процессинде чыгармачыл жана илимий ыкмаларды интеграциялоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Ошондой эле, семинардын алкагында 4-курстун студенти Алмаскан уулу Султан «Жасалма интеллект» деген темада баяндама жасап, бул жааттагы заманбап жетишкендиктер жана көйгөйлөр менен бөлүштү. Филология илимдеринин доктору, профессор Алишова Махабат “Илим жолунда бир окуя” аттуу докладын жасап, угуучуларды илимий изилдөө жолундагы кыйынчылыктар жана ачылыштар тууралуу аңгеме менен шыктандырды.
Семинар илим жана техника тармагындагы илимпоздордун жана студенттердин күч-аракетин бириктирүүгө жардам берген идеяларды жана тажрыйбаларды алмашуунун маанилүү аянтчасы болуп калды.