Лин 23-24 тайпасынын студенттери Ибраимова Айым, Мамат Фарангиз жана Советбеков Асхат Германиянын Мюнхен шаарына «Мен Кыргызстанды сүйөм» жаштар кыймылынын атынан барышты. 2018-жылдан бери “Мен Кыргызстанды сүйөм” кыймылы Кыргызстан менен Германиянын ортосунда балдар, жаштар жана жаштар кызматкерлери үчүн алмашуу программаларын активдүү ишке ашырып келет. Бул программалар Европадагы BJR немис жаштары (djo) жана EastWest коомдук уюму менен өнөктөштүктө ишке ашырылат.
Долбоордун максаты - кыргыз жаштарынын потенциалын ачуу жана алардын жарандык активдүүлүгүн жогорулатуу. Алмашуу программасы жаштардын кесиптик өсүүсүнө, көз карашын кеңейтүүгө жана активдүү жашоо позициясын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Мындай демилгелер студенттерге келечектеги кесибин чечүүгө, жаңы билимдерди жана көндүмдөрдү алууга, ошондой эле Германиядагы жаштар уюмдарынын маданияты жана тажрыйбасы менен таанышууга жардам берет.
Данный проект играет важную роль в становлении молодых активистов и способствует развитию молодежного движения Кыргызстана.