АЭУнун студенти “Келечек-24” Кыргызстандын жаш лидерлеринин мектебине катышты

АЭУнун Педагогика кафедрасынын 3-курсунун студенти Бекмырза Алышбаев Ысык-Көлдүн жээгинде өткөн “Келечек-24” Кыргызстандын жаш лидерлер мектебине катышты. Иш-чара 2024-жылдын 17-июнунан 21-июнуна чейин өттү.

Студентибиздин айтымында, катышуу үчүн Кыргызстандын ар кайсы жогорку окуу жайларынан 100 лидер тандалып алынган.

“Беш күндүк тренинг абдан жогорку деңгээлде өткөрүлдү жана лидерликтин жаңы компетенцияларын үйрөнүү үчүн аянтча болду деп айта алам.. “Келечек-24” мектебинин программасы лидерлик, жарандык жана инновациялар боюнча актуалдуу темаларга семинарларды, долбоорлордун үстүндө иштөөнү, ошондой эле интеллектуалдык конкурстарды, квесттерди жана улуттук оюндарды камтыды. Бул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем.” - деп белгиледи Бекмырза.

Иш-чаранын демилгечилери Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Борбор Азиядагы “IDEA” жаштар уюму болушту.