Белгилүү педагог Гапыр Мадаминовдон конок лекция

2024-жылдын 13 сентябрында педагогика илимдеринин кандидаты, “Манас” орденинин лауреаты Мадаминов Гапыр Маматкулович АЭУда “АЭМдин негизинде студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу” темасында лекция-мастер-класс өткөрдү.

Режиссер Руслан Акунду белгилүү “Агай” сериалын жаратууга шыктандырган, “Интеллектуалдык эмгек маданияты” дисциплинасы менен тааныштырган Г. Мадаминов лекцияда анын бөлүмдөрү жана натыйжалуу окутуу стратегиялары тууралуу айтып берди.

Шыктанган студенттер окутуучуну кунт коюп угуп, суроолорду беришти жана талкууларга активдүү катышышты. Мастер-класстын жүрүшүндө Гапыр Мадаминов ар кандай интерактивдүү көнүгүүлөрдү колдонду, тактап айтканда, убакытты башкаруу, концентрация жана чет тилдерди үйрөнүү маселелери талкууланды. Лектордун айтымында, негизги көндүм – бул өзүн-өзү ийгиликтүү тарбиялоонун негизи болгон “окутуу чеберчилигин” өздөштүрүү.

Иш-чаранын интерактивдүү форматы студенттердин интеллектуалдык өсүшүн жана өз алдынча иштөөгө болгон дилгирлигин арттырды.

Биз мазмундуу лекция үчүн Гапыр Маматкуловичке ыраазычылык билдиребиз жана ага мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз. Ошондой эле Педагогика кафедрасына жана кафедра башчысы Жылдыз Такеновага иш-чараны уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету