Конок лекция: Окутуудагы инновацияны колдоо

2024-жылдын 29-апрелинде Назарбаев Университетинин Инновациялык окутуу маселелери боюнча координатору Айман Хамитованын катышуусунда конок лекция өттү. Семинардын жүрүшүндө доктор Айман Хамитова агартууда инновациялар боюнча билимдери, санарип окутуунун мүмкүнчүлүктөрү жана инновациялык мейкиндиктер боюнча ойлору менен бөлүштү. Студенттер, магистранттар жана PhD докторанттар кейс изилдөөлөрдү талкулоо сыяктуу практикалык иштерди кызыгуу менен аткарышып, өзүлөрүнө пайдалуу маалыматтарды алышты.  

Доктор Айман Хамитовага мазмундуу семинар жана өзгөчө позитивдүү атмосфера үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз, ошондой эле агартуу тармагында ишмердүүлүгүндө албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөт отчету