Студенттер жана лекторлор Ташкенттеги конференцияга катышты

Педагогика кафедрасынын студенттери, кафедра башчысы Жылдыз Такенова, АЭУнун Илим департаментинин башчысы Тимур Надыршин 2024-жылдын 17-18-майында Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетинде өткөн “Жаңы Өзбекстандын башталгыч билим берүүсүндөгү маселелер, чечимдер жана перспективалар” аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышышты. 

Студенттер жана окутуучулар жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен башталгыч билим берүүнүн педагогикасы боюнча изилдөөлөрү менен бөлүшүп, талкууларга активдүү катышышты. Аталган конференция кызматташтыкты өркүндөтүүгө жана билим агартуу тармагында изилдөөчүлүк компетенцияларды өстүрүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берди.

Мазмундуу иш чараны уюштургандыгы үчүн Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык университетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз жана жемиштүү кызматташтыкта болууга ишенебиз!