“Азыркы коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу”. III бөлүмдүн жыйынтыгы

“Азыркы коомдо улуттук баалуулуктарды жана маданиятты өнүктүрүүдө жаштардын ролу” конференциясынын “Жаштарды калыптандырууда педагогиканын орду” секциясы жыйынтыкталды. Иш-чара ЭИТУда өткөрүлдү. АЭУнун атынан төмөнкү студенттер катышты:

  • Адель Алина – “21-кылымда педагогиканы модернизациялоонун мааниси”
  • Азаматов Бекжан – “Билим берүүдөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”
  • Сабирдинова Мээрим - “Кант шаарынын башталгыч класстарында сүрөт искусствосун окутуунун проблемалары”

Бул секциянын катышуучулары республиканын ар кайсы ЖОЖнун бакалавриат жана магистратура студенттери болуп, илимий докладдар менен чыгышты. Жыйынтыгында мыкты илимий макалалар аныкталды:

1-орун 1-орун: Азаматов Бекжан (АЭУ)

2-орун Адель Алина (АЭУ)

3-урон Сабирдинова Мээрим (АЭУ), Ажыбаева Салтанат (КУУ), Асия Дауд (Эл аралык Кувейт университети), Тажибаева Жумайым (КОСУ)