2024-жылдын 13-ноябрында АЭУнун Педагогика жана башталгыч билим берүү кафедрасынын PED-23 группасынын студенттери “Балдардын көркөм сүрөт онору” аттуу предметинин алкагында Кыргыз Республикасынын Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусствосу музейине барышты.
Кыргыз жана дүйнөлүк кыл калем чеберлеринин чыгармалары менен жакындан таанышып, ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өтүп жаткан учурдагы сүрөтчүлөрдүн, кол өнөрчүлөрдүн Республикалык Күз-2024 көргөзмөсүнө күбө болушту.