Creative English: чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмү

2024-жылдын 4-декабрында Педагогика кафедрасында биринчи курстун студенттеринин чыгармачыл ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Creative English, аттуу иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын алкагында студенттердин чыгармачылык жөндөмдөрүн ачууга жана практикалык тапшырмалар аркылуу англис тилин өздөштүрүүгө жардам берген ар кандай активдүүлүктөр жана мастер-класстар уюштурулду.

Иш-чаранын негизги максаты – сынчыл ой жүгүртүү, командада иштөө жана англис тилинде ишенимдүү баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүү. Иш-чара студенттердин англис тилинде аткарган жандуу ырлары менен башталып, көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Андан соң катышуучулар өздөрүнүн актёрдук чеберчилигин көрсөтүп, мультфильмдерге үн коштоо жасашты. Үн коштоо чеберчилик менен аткарылгандыктан, аны түп нускадан айырмалоо кыйын болду. Мындан тышкары, окутуучулар даярдап берген сөздөрдү колдонуу менен диаграммаларды түзүү боюнча активдүүлүк уюштурулду.

Бул тапшырмалар студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп гана тим болбостон, англис тилин ар кандай контексттерде түшүнүү жана колдонуу жөндөмдөрүн жакшыртууга чоң жардам берди.