Тегерек столго чакыруу 

2024-жылдын 12-ноябрында саат 10:00дө АЭУнун Филология кафедрасы жаш изилдөөчүлөрдү “Филологиядагы илимий горизонттор: жаш изилдөөчүлөрдүн учурдагы тенденциялары жана келечеги” аттуу тегерек столго чакырат. 

Иш-чаранын максаты – филология жаатындагы актуалдуу илимий изилдөөлөрдү талкуулоо, студенттер, магистранттар, докторанттар, профессорлор жана келген окумуштуулар ортосунда өз ара аракеттенүү үчүн аянтча түзүү, тил илиминде, адабият таанууда, котормо таанууда жана башка филологиялык дисциплиналарда талкууларды жана илимий кызматташууну илгерилетүү. 

Тегерек стол гибриддик онлайн-оффлайн форматында өтөт. 

  • Oффлайн катышуу – жергиликтүү катышуучулар үчүн университеттин негизги залында (проректор, студенттер, профессорлор, магистранттар, докторанттар) өткөрүлөт.
  • Онлайн катышуу – башка өлкөлөрдүн жана региондордун окумуштуулары үчүн.

Өтчү жери: Д Блок, 414-каб.

Дареги: Бишкек ш., Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8, 720048.

Вебсайт: www.alatoo.edu.kg 

Филологиядагы актуалдуу маселелер боюнча талкууга кошулуңуз жана биз менен бирге илимий горизонтторду кеңейтиңиз!