2024-жылдын 30-октябрында АЭУнун магистратура жана докторантура программаларынын студенттери үчүн “Фольклордук чыгармалардын варианттуулугу жана өзгөчөлүгү” темасында конок лекция өткөрулдү. Лектор коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов болду.
Лекциянын жүрүшүндө филологиянын актуалдуу маселелери, заманбап филологдордун көйгөйлөрү жана мүмкүн болгон жолдору талкууланды. Профессор докторлук диссертацияларды жазуу жана коргоо боюнча кеңештери, ошондой эле ар кандай тилдеги филологдор үчүн көптөгөн пайдалуу көрсөтмөлөрү менен бөлүштү. Пайдалуу маалымат үчүн профессор Сулайман Кайыповго ыраазычылык билдиребиз.
Сүрөт отчету: