Хэллоуин майрамы!

2024-жылдын 31-октябрында АЭУнун Англис тили жана адабияты кафедрасынын 1-курсунун студенттери Хэллоуин майрамына арналган сабак өтүштү. Алар аудиторияны күзгү жасалгалоолор жана майрамдын символикасы менен кооздоп, тематикалык костюм кийип келишти. Сабак учурунда студенттер Хэллоуиндин келип чыгышы жөнүндө көбүрөөк маалымат алышты.

Хэллоуин – бул байыркы ирландиялык салт. Ирландиялыктар ошол түнү арбактар жерге келет деп ишенишкен, ошондуктан адамдар алар менен аралашуу үчүн костюмдарды кийишкен. Ошондой эле алар ашкабакты оюп, үйлөрүнөн жиндерди кууп чыккан фонарь жасашкан.