Конок лекция: “Санарип доорундагы гуманитардык илимдер: куралдар, методдор жана идеялар”

2024-жылдын 22-ноябрында саат 14:40та Филология кафедрасы Жылдыз Бекбалаеванын “Санариптик технологиялар доорундагы гуманитардык илимдер: инструменттер, методдор жана идеялар” темасындагы конок лекциясына чакырат .

Киришүү лекциясында санариптик куралдарынын тилди, адабиятты, маданиятты жана тарыхты үйрөнүүнү өзгөртүү жолдору талкууланат. Маалыматтарды талдоо, визуализация, санариптик архивдер жана гуманитардык илимдерде жаңы горизонтторду ачкан эсептөө ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулат.

Лекцияны БААУнун китепканасынын директору, эркин искусство жана илимдер (LAS) факультетинин доценти жана Фулбрайт сыйлыгынын лауреаты доктор Ж. Бекбалаева өткөрөт. 2017-2018-жылдары ал Georgetown университетинин стипендиаты болгон жана EIFL эл аралык китепкана консорциумунун башкармалыгынын мүчөсү.

Өтчү жери: Д блок, 414-каб.