2024-жылдын 22-ноябрында Филология кафедрасында ELL 24 C группасынын студенттери тарабынан уюштурулган “Reflection Gates Market” аттуу инновациялык иш-чара болуп өттү. Бул демилге студенттердин аналитикалык жана чыгармачыл жөндөмдөрүн өрчүтүүгө багытталган жана NEF Pre-Intermediate деңгээлиндеги китептин 12 бөлүмү менен 36 темасын камтыды. Иш-чарада катышуучулар негизги аспекттерди талдап, төмөнкүлөрдү көрсөтүштү:
- Ар бир бөлүмдүн моралдык сабактары
- Темалардын турмушта колдонулушу
- Толук грамматикалык анализ
- NEF китептери боюнча сунуштары
- Презентациядагы чыгармачылык
Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү маданий жана лингвистикалык түшүнүктөрдү интеграциялоо болду. Студенттер ыраазычылык темасын маданият, салт жана тил аркылуу изилдеп, ар кайсы өлкөлөрдө Ыраазычылык күнү (Thanksgiving Day) кандай майрамдалганын салыштырышты. Бул иш-чаранын максаты – критикалык жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, тилди ар тараптан өздөштүрүү жана окуу программасын турмуштук кырдаалдар менен айкалыштыруу.
Жылуу маанай тартуулаган дагы бир учур – студенттердин ата-энелеринен “Сүйүү жана Ыраазычылык каттарын” алуусу болду. Алар бул эмоциялуу каттарды түз эфирде телефон аркылуу угузуп, үй-бүлөнүн жана ыраазычылык сезиминин жашоодогу маанилүүлүгүн баса белгилешти.