Ыраазычылык күнүно арналган тематикалык сабак

2024-жылдын 28-ноябрында Филология кафедрасында Ыраазычылык күнүнө арналган тематикалык сабак өттү. Сабакты Чолпон Бекбалаева жана Джейден Рид алып барышты. Бул Түндүк Америкалык майрам салттуу түрдө ноябрдын төртүнчү бейшембисинде белгиленет. Бул күнү үй-бүлө мүчөлөрү майрамдык дасторконго чогулуп, ар бир адам өзүнүн жашоосундагы жакшы нерселер үчүн ыраазычылык билдирет.

Ыраазычылык күнүн майрамдоо салты терең тарыхый мааниге ээ. Бул салт Америкада жашап баштаган көчмөндөрдүн доорунда жаралган. Алар түшүм майрамын белгилеп, Кудайга молчулук үчүн, ал эми жергиликтүү индейлерге түшүм өстүрүүгө жардам бергени үчүн ыраазычылык билдиришкен.

Студенттер чоң кызыгуу менен салттуу тамактарды даярдашып, ал эми АКШдан келген окутуучу Джейден Рид өзүнүн өзгөчө тамагы менен баарын таң калтырды. Сабак учурунда Джейден бул майрамдын тарыхы жана салттары жөнүндө айтып берди. Сабак англис тилинде сүйлөө жөндөмүн өнүктүрүү үчүн пайдалуу болуп, Америка маданияты менен жакындан таанышууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү. Сабак бардыгында позитивдүү таасир калтырып, ыраазычылык менен бөлүшүүнүн маанилүүлүгүн эске салды!

Сүрөт отчету: