2024-жылдын 30-октябрында Association of Chartered Certified Accountants (ACCA, Борбордук Азия, Армения жана Монголия) өкүлдөрү АЭУнун Экономика жана башкаруу факультети менен жолугушуу өткөрүп, ACCA эл аралык аккредитация жана Каржы жана Аудит багыттарынын окуу программаларына ACCAнын программасын киргизүү тууралуу талкуулашты.
Келечекте бул аккредитация АЭУнун студенттерине университеттин дипломун жана АССАнын эки сынагын англис тилинде ийгиликтүү тапшырган учурда эл аралык кесиптик ассоциациясынын дипломун алганга жакшы мүмкүнчүлүк берет. АССАнын диплому бүтүрүүчүлөргө бухгалтердик эсеп жана каржы жаатында эл аралык деңгээлде таанылган квалификацияны берип, дүйнө жүзү боюнча алдыңкы компанияларда карьералык мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
АССА – Британиянын каржы, бухгалтердик эсеп жана аудит боюнча адистерди бириктирген сертификатталган бухгалтерлер ассоциациясы.
АССАнын өкүлдөрүнө келгени жана конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Сүрөт отчету: