АЭУнун командасы Элкарт-ФинОлимпте 1-орунду алды

Төрт студенттен турган АЭУнун командасы (Дильназ Русланова Алима Шерматова, Чолпон Сыдыкбаева жана Бермет Шаршемибева) 2024-жылдын 19-октябрында өткөн Элкарт-ФинОлимпте 1-орунду ээледи. ФинОлимп – бул студенттер жана жаш адистер арасында финансы, маркетинг, аудит жана Data Science боюнча жаңы форматтагы жалпы республикалык олимпиада.

Студентттерибиз “Бухгалтердик эсеп” багытында катышып, анда беш команда күч сынашкан. Катышуучулар олимпиаданын жүрүшүндө эл аралык финансылык отчеттуулук стандарттарына (МСФО) ылайык фирманын финансылык отчетун даярдоо керектигин белгилешти. Бухгалтердик жазуулар менен башкы журналды даярдоо, маалыматтарды атайын таблицага көчүрүү, жалпы кирешелер жөнүндө отчетту жана финансылык абал жөнүндө отчетту түзүү сыяктуу тапшырмаларды аткарышкан. Команда мүчөлөрү алар үчүн негизги кыйынчылык убакыттын жетишсиздиги болуп, бирок ырааттуу иштин аркасында алар бардык талаптарды өз убагында аткара алдык деп белгилешти.

Студенттерибизди куттуктайбыз жана аларга мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!