Dodo Pizza’нын операциялык директору семинар өткөрдү

2024-жылдын 27-ноябрында АЭУнун Финансылык клубу тарабынан уюштурулган Кыргызстандагы Dodo Pizza’нын операциялык директору Айгерим Матеминованын катышуусунда семинар болуп өттү.

Айгерим Матеминова өз сөзүндө стажердон операциялык директорго чейинки карьералык өсүү тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал өжөрлүк жана тырышчаактык ага карьералык тепкичинин бардык этаптарын жеңүүгө кантип жардам бергенин айтып берди. Спикер ошондой эле компаниянын операциялык ишмердүүлүгүнүн артындагы процесстерди деталдаштырып, алдыңкы тез тамак-аш тармактарынын бири катары Dodo Pizza’нын ийгилигинин сырларын ачты. Семинардын катышуучулары суроолорду активдүү беришип, эксперттен кеңири жоопторду алышты. Эң активдүү студенттер кичи белектер менен сыйланышты.

Семинар студенттерге бизнес-процесстердин артында кандай иштердин аткарылгандыгы жөнүндө көбүрөөк маалымат алганга мүмкүнчүлүк берди. Университет пайдалуу семинар үчүн Айгерим Матеминовага терең ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: