“Business Case 2024” хакатону: ишкердикти өнүктүрүүгө кадам

2024-жылдын 30-ноябрында АЭУнун Менеджмент кафедрасы 40 жаш таланттардын командасын жана 20дан ашык алдыңкы компанияларды бириктирген “Business Case 2024” хакатонун өткөрдү. Катышуучулар атаандаштык чөйрөдө өздөрүнүн көндүмдөрүн жана креативдүү ыкмаларын колдонуу менен компаниялар берген реалдуу бизнес-кейстерди чечишти.

Иш-чараны колдогон компаниялардын арасында: Бакай Банк, Partner Neft, Яндекс Go, Макси Чай, Geeks, Ololo, Риха, Eco Suu, Твой Заряд, Абдыш Ата, Practicum, Kettik, iHub Academy, SunRent, Туран жана Ulush болушту.

Бакай Банк жана Partner Neft өзгөчө колдоо көрсөтүштү. Буга байланыштуу байге фонду эки эсеге көбөйүп, катышуучулар үчүн кошумча стимул болду. Мелдештин жыйынтыгында мыкты 12 команда финалга чыгып, өз чечимдерин кесипкөй калыстар тобунун алдында сунушташты.

Хакатон төмөнкүлөр үчүн эффективдүү платформа болуп калды:

  • бизнес көндүмдөрүн өнүктүрүү
  • жаштар менен алдыңкы компаниялардын ортосундагы байланышты чыңдоо
  • чыныгы бизнес үчүн инновациялык идеяларды жаратуу

“Business Case 2024” билим берүү жана бизнес чөйрөсүндө маанилүү окуя катары калды. Бардык катышуучуларга жана өнөктөштөргө иш-чараны колдогондугу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету: