MEET 2024 илимий-практикалык конференциясы

2024-жылдын 4-5-декабрь күндөрү Бишкектеги эки университеттин – И. Ахунбаев атындагы КММА жана АЭУнун базасында, ошондой эле И. Раззаков атындагы КТУнун катышуусу менен MEET 2024 илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Конференциянын идеясы бир жыл мурун пайда болуп, анда АЭУнун Инженерия жана информатика факультети КММА менен биргеликте иш алып барып, жалпы иш-чара өткөрүү сунушун көтөргөн. Конференциянын негизги максаты салттуу форматтан чыгып, окутуучулар менен студенттер үчүн катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү болгон.

Уюштуруучулар изилдөө иштеринин актуалдуу багыттарын гана тандоо менен чектелбестен, алынган жыйынтыктарды сунуштоонун кызыктуу жана өзгөчө форматтарын иштеп чыгууну максат кылышкан.

Ошондон улам конференциянын MEET деген аталышы пайда болгон. Бул аталыш, бир жагынан, профессионалдар менен студенттердин жолугушуусун чагылдырып, экинчи жагынан, негизги багыттарды чагылдырган аббревиатура болуп саналат: Медицина (Medicine), Инженерия (Engineering), Билим берүү (Education), Технологиялар (Technology).

Конференциянын алкагында ар кандай форматтагы иш-чаралар уюштурулду:

  • MEET STUDENTS – атайын студенттик конференция. Катышуучулар медицина, инженерия, билим берүү жана технологиялар жаатындагы изилдөөлөрүн, инновацияларын жана идеяларын көрсөтүштү.
  • MEET SCIENCE – илимий баяндамалар, семинарлар жана илимий иштеп чыгуулар боюнча талкуулар.
  • MEET TALKING – Science Slam форматы, анда окумуштуулар өз изилдөөлөрүн илимий-популярдуу жана кызыктуу формада айтып беришти.
  • MEET EXPO – инновациялык долбоорлордун, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көргөзмөсү. Бул жерде катышуучулар жаңылыктар менен таанышып, профессионалдык байланыштарды түзүүгө мүмкүнчүлүк алышты.
  • MEET ANTI-SCI – илимий коомчулук тарабынан көз жаздымда калган, же болбосо абсурд деп эсептелген темаларды олуттуу мамиле менен талкуулоочу креативдүү аянтча.
  • MEET AWARDS – баардык катышуучулар бир-биринин ишин баалап, мыкты долбоорлорду тандаган сыйлоо аземи.

Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров иш-чаранын жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгиледи. Ал конференция студенттерди, окутуучуларды жана изилдөөчүлөрдү бириктирип, тажрыйба жана билим алмашууга шарт түзгөнүн айтты. Катышуучулар инновациялык долбоорлорун сунуштап, илим жаатындагы актуалдуу суроолорду талкуулап, эксперттерден баалуу кеңештерди алышты. Ошондой эле, Радмир Гумеров Science Slam жана көргөзмөлөр сыяктуу өзгөчө форматтар конференцияны пайдалуу эле эмес, кызыктуу дагы кылгандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, конференциянын уюштуруу комитети иш-чаранын илимий кызыгуунун атмосферасын камтыган интерактивдүү журнал чыгарууну пландап жатат.

Сүрөт отчету: