АЭУнун командасы олимпиадада чемпион болду

АЭУнун командасы – “Alatoo Healers” 2024-жылдын 30-апрелинде И. Ахунбаев атындагы КММАда өткөн медицина боюнча олимпиадада чемпион болду.  

Биздин таланттуу студенттерибиз аталган жарышта оздөрүнүн медициналык тажрыйбасын, алган билимин, командада иштөө жөндөмдөрүн жана коюлган максатка умтулуусун жогорку деңгээлде көрсөтүп, бир нече ЖОЖдун арасынан 1-орунга татыктуу болушту. Команданын мүчөлөрү:

  • Шабир Хан 
  • Мадиха Тарик 
  • Зарак Хуршид Хан 
  • Али Хайдер 
  • Кайнат Салим 
  • Хуш Бахт 

Биздин команданы ар бир баскычта туура багыт берип, колдоп келген окутуучу, доктор А. Абдурасуловага өзгөчө ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле кызыктуу олимпиаданы уюштургандыгы үчүн КММАнын жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.

Сүрөт отчету: