АЭУ командасынын ЖОЖдор аралык олимпиададагы кезектеги жеңиши 

АЭУнун Медицина факультетинин студенттери – Даах Мохамуд, Рахматилло Октамжанов, Умайма Фархи, Алимбек Токтогазиев, Дилара Докмен жана Боесо Саидинов Кыргызстан эл аралык университетинде өткөрүлгөн анатомия, гистология жана оперативдүү хирургия боюнча ЖОЖдор аралык олимпиадада биринчи орунду ээлешти.

Биздин студенттер аталган багыттар боюнча өз жөндөмдөрүн көрсөтүштү: “Ала-Тоо оперативдүү хирургиясы” командасынын өкүлү Даах Мохамуд жана Рахматилло Октамжанов тигүү техникасынын өз мөөнөтүндө ийгиликтүү аткарып, 1-орунду ээлешти. Умайма Фархи жана Алимбек Токтогазиев гистология боюнча мыкты болсо, Дилара Домен жана Боесо Саидинов анатомия боюнча1-орунду камсыз кылды.

Окутуучу студенттерди мындай сынактарга даярдоодо негизги ролду ойноп, билим менен көндүмдөрдүн керектүү деңгээлин камсыз кылат. Доктор Вера Лобзовага ар дайым колдоо көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле бул кызыктуу иш-чараны уюштургандыгы үчүн Кыргызстан эл аралык университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиребиз.