АЭУ MIOT көп тармактуу клиникасы менен меморандум түздү

2024-жылдын 11 сентябрында АЭУда Индиянын Ченнаи шаарындагы MIOT көп тармактуу клиникасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Ал тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга өбөлгө түзмөкчү.

Жолугушууга башкаруучу директор, доктор Притхви Мохандас, вице-президент, доктор Явар Викхас, ошондой эле MIOT клиникасынын Борбор Азиядагы өкүлү Кумар Ананд мырза катышышты. АЭУ MIOT клиниканын өкүлдөрүнө сапары үчүн ыраазычылык билдирет!

Сүрөт отчету: