Ак халат кийүү аземи 2024

2024-жылдын 22-ноябрында АЭУнун Медицина факультети тарабынан уюштурулган аталган багыттын 1-курстун студенттери үчүн ак халат кийүү аземи болуп өттү. 

“Медицина факультетинин биринчи курсунун студенттери үчүн ак халат кийүү аземи – бул алардын медициналык кесипке болгон биринчи кадамын белгилеген маанилүү ырым. Ак халат дарыгердин жөнөкөй кийими эмес. Бул тазалыктын жана кесипкөйлүктүн символу. Халат кийип, студенттер келечектеги бейтаптардын ден-соолугу жана жыргалчылыгы үчүн жоопкерчиликти алып, этикага, гумандуулукка жана кесипкөйлүккө умтулууну убада кылышат.” - деп белгиледи Медицина факультетинин деканы Кудайберген Осмоналиев.

Иш-чаранын программасы таланттуу студенттердин жана кесипкөй бий топторунун аткарууларын камтыды. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн байгелер менен кызыктуу оюндар уюштурулду. Иш-чаранын кульминациясы биринчи курстун студенттери үчүн ак халат кийген салтанаттуу учур болду. Студенттерибизге окууда ийгиликтерди жана медицинада бийик максаттарга жетишин каалайбыз!

Сүрөт отчету: