2024-жылдын 12-ноябрынан 15-ноябрына чейин АЭУда Педагогика, Филология, ошондой эле Маалыматтык жана компьютердик технологиялар багыттары боюнча PhD-докторанттардын жыйынтыктоочу аттестациясы болуп өттү. Аттестациялык комиссиянын отурумунун алкагында ар бир докторантка диссертациялык изилдөө боюнча ишти жакшыртуу боюнча кеңештер жана сунуштар берилди. Иш пландарын ийгиликтүү аткарып, SCOPUS’та индекстелген илимий журналдарда макалаларын жарыялаган докторанттарды өзгөчө белгилешти.
Учурда аттестациянын бир бөлүгү онлайн форматта өтүп жатат, бул университеттин сыртында жүргөн докторанттарга процесске катышууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Отурумдардын жыйынтыгында аталган бардык багыттар боюнча бир нече докторанттар аттестациядан өтүп, үч жыл аралыгында диссертациялык изилдөөлөр боюнча иштерди бүтүрүү сунушу берилди.
Сүрөт отчету: