Эразмус+ программасынын алкагында DEFA долбоорунун семинары: Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиясын өнүктүрүү

2023-жылдын 6-7-декабрында ОшМУда Эразмус+ программасынын алкагындагы DEFA долбоорунун “Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү” семинары гибриддик оффлайн-онлайн форматында өттү. 

Семинардын максаты - Кыргызстандагы ЖОЖдордун каржылык-экономикалык көз карандысыздыгын жогорулатуунун келечегин изилдөө. Долбоордун өнөктөштөрү ЖОЖдордун финансылык автономиясын өнүктүрүү стратегияларын жана Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдордун финансылык автономиясынын моделин киргизүү боюнча жол картасын талкуулашты.

Биз ОВГУнун тажрыйбасынын негизинде кадрларды тандоонун жана кадрларды түзүүнүн механизмдерин карап чыктык, өнөктөш университеттердин отчетторун уктук, DEFA долбоорунун биринчи жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгардык жана мындан аркы иш-аракеттердин планын түздүк. Долбоордун консорциумуна Кыргызстандын 12 университети, Германиядагы, Италиядагы эки эл аралык билим берүү мекемеси жана италиялык коомдук уюм кирген. 

Фото отчет