АЭУнун Эл аралык мамилелер кеңсесинин эл аралык программалардын координатору Айгерим Максымбекова ТӨМдүн жаш элчиси болуп шайланды. 2024-жылдын 27 сентябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана жаштар саясаты министрлигинин жана БУУ системасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ТӨМдүн жаш элчилеринин расмий жолугушуусу болуп өттү.
Жаш эличинин сөзү боюнча, талапкерлерди ТӨМ менен байланышкан программаларды иштеп чыгуу тажрыйбасы, эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрү жана жыл бою программа менен активдүү иштешүүгө даярдыгы бар сыяктуу сапаттарга көңүл буруп, конкурстук негизде тандап алышкан.
Эми жаш элчилер ТӨМ миссияларын иштеп чыгууга жана жайылтууга, конференцияларга, семинарларга жана башка иш-чараларга катышууга, ошондой эле кызыкдар уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ. Айгерим Максымбекованы куттуктайбыз жана ага мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз!