2024-жылдын 19-ноябрында АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасында “Академиялык өзүн-өзү көрсөтүүнү чыңдоо: студенттик публикациялар боюнча воркшоп” аттуу семинар болуп өттү.
Интерактивдүү сессияга бакалавриаттын жогорку жетишкендикке ээ болгон 60ка жакын студенти катышты. Талкуунун негизги темалары магистратура программаларына катышуу мүмкүнчүлүктөрү жана академиялык макалаларды жазуу көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар бир нече маанилүү идеяларды сунушташты:
- Окумуштуулар менен биргеликте академиялык публикацияларды түзүү үстүндө иштөө.
- Магистратура программалары чет өлкөлүк университеттер менен эки диплом алууга жана алмашуу программаларына катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоосу.
- Кафедра студенттерге магистратура программаларына, анын ичинде Эл аралык мамилелер багыты боюнча, окуу үчүн стипендия жана башка экономикалык колдоолорду табууга активдүү жардам бериши зарыл.
Бул семинар студенттердин академиялык маданиятын өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп, алардын келечектеги билим алуу жана кесиптик өсүү жолуна пайдалуу инструменттерди берди.
Сүрөт отчету: