0%
Brand Image
Loading ...

Ачык эшиктер күнү 2024

“Ала-Тоо” Эл аралык университети (АЭУ) жана IT & Business колледж 9-10 жана 11-класстын окуучуларын 2024-жылдын 20-апрелинде саат 10:00дө боло турган масштабдуу ачык эшиктер күнү иш-чарасына чакырат.

The Open House Day келечектеги университеттин атмосферасына чөмүлүү, анын инфраструктурасы, факультеттери жана окутуучулары менен жакындан таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, бул иш-чара университет сунуштаган окуу программалары тууралуу толук маалымат алууга жана келечектеги кесипти туура тандоого жардам берет.

Сиз толук кабыл алуу процесси, анын ичинен, факультеттер жана багыттар, окууга арзандатуулар жана каржылык колдоо, кампустун шарттары, ошондой эле кызыктуу студенттик жашоо жөнүндө актуалдуу маалымат ала аласыз. Мындан тышкары сизди Кыргызстандын алдыңкы университеттеринин биринде студент катары сездире турган кызыктуу программа жана жагымдуу маанай тартуулаган жазгы фестиваль күтөт. Катышуу акысыз!

Катышуу үчүн төмөнкү шилтеме аркылуу онлайн каттоону толтуруу керек:

https://docs.google.com/forms/d/1IAZ2JqYmV68oFDRKzsvNNYCApzyJFsm4n34hubcUpM4/edit

Сизди Тунгуч кчр., Анкара көчөсү 1/8 дареги аркылуу күтөбүз. 

Суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланыша аласыз: +996 (555) 820 000

АЭУда унутулгус күндү өткөрүп, келечектеги ийгиликтериңиздин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө көбүрөөк билип алыңыз!