0%
Brand Image
Loading ...

IT & Business Колледжинин кирүү сынагы

“Ала-Тоо” Эл аралык университетинин алдындагы IT & Business Колледжи 9-класстын окуучуларын 2024-2025 окуу жылына кабыл алуу үчүн кирүү сынагына чакырат.

Сынак 2024-жылдын 27-апрелинде саат 08:00дөн 12:30га чейин англис тили жана математика сабактарынан тестирлөө форматында өткөрүлөт:

  • Англис тили - грамматика, лексика, окуу жана түшүнүү (100 суроо, 120 мүнөт)
  • Математика - математика жана логика (50 суроо, 60 мүнөт)

Катышуучулар карандаш, калем жана өчүргүч алып келүүсү керек. Сынакты тапшыруу акысыз!

Суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланыша аласыз:

+996 (555) 250-703

+996 (505) 250-703

Дареги: Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8, С Блок.