0%
Brand Image
Loading ...

Бүтүрүүчүлөрдүн салттуу жолугушуусу

Бүтүрүүчүлөр менен байланышта болуу күчтүү коомчулукту түзүүнү камсыз кылат. Ошондой эле тажрыйба жана билим алмашууга көмөктөшүп, байланыш тармагын кеңейтүүгө жардам берет. Бул процесс окуу жайдын брендин илгерилетүүгө жана андан ары өнүгүү үчүн баалуу кайтарым байланышты алууга жардам берет.

2024-жылдын 18-мартынан 26-мартына чейин АЭУнун аймагында Экономика жана башкаруу, Гуманитердык илимдер, Медицина жана IT факультеттеринин бүтүрүүчүлөрү менен салттуу жолугушуу кечеси өттү. Бул иш-чаранын максаты – бүтүрүүчүлөр жана студенттер үчүн кесиптик байланыш тармагын кеңейтүү. Мындай кадамдар жаңы карьералык мүмкүнчүлүктөргө же бизнес өнөктөштүккө алып келгенге түрткү берет.

Университеттин мурдагы студенттери окутуучулар менен жолугушуп, жетишкендиктери жана кесиптик жашоосу тууралуу айтып беришти. Мындан тышкары алар зарыл болгон инсандык сапаттарды өнүктүрүгө жардам берген жаңы таанышуулар жана кызыктуу учурларга бай болгон студенттик жашоосун эстеп, көңүлдүү кече өткөрүштү. Жалпысынан жолугушуу ийгиликтүү өтүп, бүтүрүүчүлөр уюштуруучуларга жылуу эскерүүлөрү менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазычылык билдиришти.

Сүрөт отчету: