0%
Brand Image
Loading ...

Конференция: “Абдразаковдун окуулары – Дипломатия жана билим”

АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасы кызыкдар тараптарды 2024-жылдын 16-апрелинде саат 10:00дө өтө турган “Абдразаков окуулары – Дипломатия жана билим” аттуу конференциясына чакырат.

Ишенбай Абдразаков дипломатиянын тарыхында өчпөс из калтырган Кыргызстандын көрүнүктүү дипломаты жана анын эл аралык мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы дайыма көңүл бурууга арзыйт. Ошондой эле ал Япониянын жогорку мамлекеттик сыйлыгына татыган Борбордук Азиянын жалгыз өкүлү. 

Баяндамачылар үчүн тема багыттары:

  1. Дипломатия жана глобалдык чакырыктар: Дүйнөлүк саясаттагы заманбап чакырыктар жана аларды жеңүү үчүн натыйжалуу дипломатиялык стратегиялар жөнүндө талкуулар.
  2. Эл аралык мамилелер контекстинде билим берүү: Окуу программаларына дипломатиялык аспектилерди киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу. Эл аралык мамилелерди окутуунун инновациялык ыкмаларын иштеп чыгуу.
  3. Эл аралык мамилелер жана студенттик коомчулук: Студенттердин дүйнөлүк көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалары боюнча изилдөөлөрү жана презентациялары.
  4. Өнөктөштүк жана кызматташтык: Университеттер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана эл аралык уюмдар ортосунда кызматташтыкты орнотуу мүмкүнчүлүктөрү.
  5. Маданий алмашуу жана түшүнүү: Катышуучулардын маданиятын түшүнүүгө жана урматтоого көмөктөшүүчү маданий иш-чаралар, анын ичинде көргөзмөлөр, концерттер жана презентациялар.

Өткөрүлүүчу жери: Анкара көч. 1/8, А Блок, 308-каб.