АЭУ 10-11-класстын окуучуларын 2024-жылдын 8-апрелинде саат 09:00дө өтө турган “Ala-Too CTF 2024” киберкоопсуздук боюнча олимпиадага чакырат. Олимпиаданын максаты – мектеп окуучуларынын киберкоопсуздукка жана маалыматтык технологияларга болгон кызыгуусун арттыруу жана алардын бул жааттагы таланттарын аныктоо жана өнүктүрүү.
“Ala-Too CTF 2024” олимпиадасы эки тур менен өтөт:
Биринчи тандоо туру 2024-жылдын 4-5-апрелинде платформада онлайн режимде өтөт. Катышуучуларга криптография, web-security, OSINT, network security, reverse engineering категорияларына бөлүнгөн Jeopardy форматта санариптик тапшырмаларды аткаруу үчүн 48 саат берилет. Топтолгон баллдын жыйынтыгы боюнча алгачкы 25 адам кийинки турга өтөт.
Экинчи этап 2024-жылдын 8-апрелинде өтөт жана катышуучулар университеттин аянтчасында чогулушат. Бул этап эки бөлүктөн турат: биринчи бөлүгү тапшырмаларды чечүүгө арналган, экинчи бөлүгү – кошумча упай топтоо үчүн командалык квест. Ар бир бөлүккө үч сааттан берилет.
Олимпиаданын демөөрчүсү – Greenlight компаниясы. Компания 2013-жылдан бери IT рыногунда ийгиликтүү иштеп келе жаткан Борбордук Азиядагы системалык интегратор болуп саналат. Компаниялардын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылат жана инновациялык технологиялар аркылуу бизнес процесстерин оптималдаштырат.
Олимпиадага каттоо 2024-жылдын 6-апрелине чейин: https://alatooctf.com
Суроолор боюнча төмөнкү телефон номерлери аркылуу байланыша аласыз:
+996(508) 405 033
+996(557) 879 459
Уюштуруучулар: “Ала-Тоо” Эл аралык университети, АЭУнун Киберкоопсуздук борбору, Cyberspace IT sphere
Демөөрчү: greenlight IT solutions & Consulting
Дарек: Тунгуч кчр., Анкара көч. 1/8