0%
Brand Image
Loading ...

Интеллектуалдык оюнда АЭУ 2-орунду алды

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министрлиги, Жаштар Конгресси жана Агартуу Лигасы тарабынан уюштурулган КРнын ЖОЖдор арасында И. Ахунбаев атындагы КММАда 7-апрель Жоогазын революциясына карата өткөрүлгөн “Аталар изи” интеллектуалдык оюнунда АЭУнун командасы 2-орунду багындырды.

Команданын мүчөлөрү – Бекмырза Алышбаев, Тыныбек Эржигит уулу, Эламан Токтошев жана Адеми Жакшылыкова иш-чара боюнча таасирлери менен бөлүшүштү:

“Аталган оюн тууралуу аз убакыттын ичинде гана билдик. Буга карабастан бир команда түзүп, окуу жайыбыздын намысын коргой алдык. Интеллектуалдык оюнда жети категория боюнча – кино ааламы, кыргыз айымдары, Кыргызстан тарыхы, Апрель ыңкылабы, адам анатомиясы, секрет жана визуализация жаатында билимибизди сынадык. Жалпысынан 17 ЖОЖ катышты. Жеңүүчү топ болгонубуз үчүн кийинки оюнду биз уштурабыз.”

Иш-чаранын максаты – университеттер аралык ынтымакты бекемдөө жана студенттерди интеллектуалдык жактан өнүктүрүү.

Сүрөт отчету: