0%
Brand Image
Loading ...

Назарбаев Университети менен жасалма интеллект боюнча кызматташуу

2024-жылдын 12-апрелинде АЭУ Казакстандын Назарбаев Университетинен келген делегацияны кабыл алды. Акылдуу системалар жана жасалма интеллект институтунун директорунун орун басары Ербол Абсалямов жана аталган институттун башкы маалымат талдоочусу Мадина Абдрахманова менен жолугушууда жасалма интеллект (ЖИ) жаатындагы биргелешкен изилдөөлөр жөнүндө маселелер талкууланды.

Ошондой эле аталган ЖОЖ менен кызматташуу меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Бул меморандум ЖИ жаатында активдүү кызматташууга жол ачат.

Назарбаев университетинин алдындагы акылдуу системалар жана жасалма интеллект институту (ISSAI) 2019-жылдын сентябрь айында Казакстандын санариптик чөйрөсүндө ЖИ изилдөө жана инновациялардын кыймылдаткыч күчү катары кызмат кылуу максатында түзүлгөн. Билим берүү, өнөр жай жана өкмөт чөйрөсүндө изилдөөлөр, инновациялар, улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу үчүн негиз түзүп, улуттук өнүгүү максаттарын илгерилетүү үчүн Казакстандын санариптик экосистемасына салым кошуп келет.

АЭУ ISSAI менен биргеликте иштөө боюнча алгачкы кадамдар 2023-жылдын октябрь айында Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров, Инженерия жана информатика факультетинин деканы Руслан Исаев Назарбаев Университетине барганда жасалган. Бул жолугушууда эки окуу жайдын ортосунда кыргыз тилинде кепти таануу жана синтездөө үчүн ЖИ моделдерин түзүү боюнча кызматташуу маселелери талкууланган.

ISSAI менен сүйлөшүүлөр ЖИ боюнча биргелешкен изилдөөлөр үчүн улантылат. Эки университеттин командаларына кыргыз тилинде кепти таануу жана синтездөө үчүн ЖИ моделдерин түзүүдө ийгиликтерди каалайбыз!

Сүрөт отчету: