0%
Brand Image
Loading ...

Brain Olymp – жогорку класстын окуучулары үчүн олимпиада

2024-жылдын 13-апрелинде АЭУнун финансылык клубу (FIN CLUB) тарабынан уюштурулган 10-11-класттардын окуучулары үчүн Brain Olymp олимпиадасы өттү. Олимпиаданын максаты – сынчыл ой жүгүртүүнү, көйгөйлөрдү талдоону жана чечүүнү өнүктүрүү, илим жана каржы жаатындагы таланттуу окуучуларды табуу жана колдоо, окуучулардын математика жана экономикага болгон кызыгуусун арттыруу.

Олимпиадада тест, ачык суроолор, математика, экономика, логика жана кызыктуу кейстер боюнча тапшырмалар болду. Башкы сыйлык АЭУнун Каржы жана насыя / Эл аралык экономика жана бизнес бөлүмүндө төрт жылдык окуу акысына 20% жеңилдетүү болду. Ошондой эле кызыктуу концерттик шоу-программанын жүрүшүндө биздин демөөрчүлөрдөн ЖРТга даярдоо курстарына, Кыргызстан боюнча турларга, англис тили жана SMM курстарына сертификаттар ойнотулду. Иш-чаранын жүрүшүндө кофе-брейк уюштурулуп, анда катышуучулар университет менен жакындан тааныша алышты.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча төмөнкү катышуучулар жеңүүчү болушту:

  • Сабытбеков Эмир (Л. Толстунов атындагы №12 мектеп-гимназиясы)
  • Мамытов Адиль (UWIS NC)
  • Бектенов Эркинбек (ЭЭЛ № 65 лицейи)

Сүрөт отчету: