0%
Brand Image
Loading ...

Мультимания: изилде, ойлоп тап, өнүк

2024-жылдын 12-апрелинен 13-апрелине чейин АЭУда студенттер үчүн “Мультимания: изилде, ойлоп тап, өнүк” аттуу эки күндүк иш-чара өттү. Иш-чаранын максаты – стартаптар, патенттөө, инкорпорация жана илимий ишмердүүлүк тармактарын өнүктүрүү.

Катышуучулар өз траекториясын тандап, көйгөйлөрдү изилдеп чыгышты. Алардын негизинде идеяларды сунуштап, моделдерди түзүштү жана өз чечимдерин сунушташты.

“Бул иш-чара бир жыл мурун “Стартомания” аталышында башталып, студенттерге ишкердик жаатында өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бердик. Быйыл бул демилге төрт багытта өстү” - деп белгиледи Инженерия жана информатика кафедрасынын башчысы Андрей Ермаков.

IT факультетинин деканы Руслан Исаевдин айтымында, Мультиманиянын катышуучулары – келечектеги перспективдүү окумуштуулар, ойлоп табуучулар, интеграторлор жана стартаптар: 

“Биз студенттерибиздин ойлоп табуу катары өздөрүнүн продукттарын түзүшүн жана аларды Кыргызпатентте патенттешин каалайбыз. Бул ыкма Кыргызстан үчүн уникалдуу, анткени биздин факультет үчүнчү жылы студенттерге бүтүрүүчү квалификациялык иштерин стартап же ойлоп табуу форматында аткарууга мүмкүнчүлүк берет”. 

Мындан тышкары, Инновациялык иштеп чыгуулар жана изилдөөлөр борборунун координатору Радмир Гумеров катышуучуларга чакан долбоорлорду иштеп чыгуу жана патенттөө үчүн керектүү документтерди даярдоо боюнча тренинг өткөрдү.

“Ар бир багыттын спикерлери ишкердик сапаттарды издөө сырлары менен бөлүшүп, биздин көндүмдөрдү баалоо үчүн тестирлөө өткөрүштү. Бул воркшоп мага өзүмдү жакшыраак таанып-билүүгө жана керектүү көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жардам берет деп ишенем. Студенттер үчүн пайдалуу иш-чара үчүн уюштуруучуларга ыраазычылык билдиргим келет” - деп IT факультетинин биринчи курсунун студенти Малика өз таасирлери менен бөлүштү.

Иш-чаранын соңунда ар бир багыттагы мыкты командалар акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сүрөт отчету: