0%
Brand Image
Loading ...

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чара

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” жарлыгынын негизинде, 2024-жылдын 23-апрелинде АЭУда белгилүү окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Молдокасымовдун катышуусунда иш-чара болуп өттү.

Жолугушууга студенттер жана профессордук-окутуучулук курам катышып, тарых боюнча суроолорун беришип, канаттандыраарлык жоопторду алышты. Кыргыз тарыхын изилдеп, бир топ архив материалдарынын негизинде жасаган эмгектери жана эгемен мамлекетибиздин пайдубалын түптөгөн Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаковдорго окшогон мыкты инсандардын эмгектери жөнүндө катышуучуларга кызыктуу баяндама куруп берди.

Иш-чаранын модератору – АЭУнун илимий иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор Салидин Калдыбаев конокторго жана студенттерге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мекенчил эр-азаматтарыбыз менен дайыма сыймыктанаарыбызды айтып өттү.

Сүрөт отчету: