0%
Brand Image
Loading ...

Бир нече ЖОЖдун өкүлдөрү менен жолугушуу 

2024-жылдын 26-апрелинде АЭУда бир нече ЖОЖдун өкүлдөрү менен жолугушуу өттү. 

Алардын ичинде Колумбия университетинин Чыгыш Азия тилдери жана маданияттары кафедрасынын доценти Моррис Россаби, Канзас университетинин тарых факультетинин профессору Меган Грин, Огайо штатындагы Moritz College of Law’нун профессору Феликс Чанг, Өзбекстандагы дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин докторанты Акмалжон Абдуллаев, Казакстандагы Максут Нарикбаев университетинин окутуучусу Асель Битабар, Кыргыз Республикасындагы коопсуздук жана геосаясий изилдөө борборунун улук саясат талдоочусу Эркинбек Камалов, АУЦАнын доценти Наргиза Мураталиева, Казакстандагы Евразия улуттук университетинин доценти Зарина Какенова, Эл аралык билим берүү боюнча Америкалык кеңештин Борбор Азия боюнча аймактык директору Джессика Леонард, ошондой эле программанын жетекчиси Максат Кошкарбаев болушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өкүлдөр университеттин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуунун мүмкүн болгон багыттары талкууланды. АЭУ өкүлдөрүгө иш сапары үчүн ыраазычылык билдирет.

Сүрөт отчету: