0%
Brand Image
Loading ...

Квалификацияны жогорулатуу боюнча окууга арыздарды кабыл алуу

Урматтуу кесиптештер, 

АЭУнун Эл аралык мамилелер кафедрасы ReCap - Strengthening research capacity of the professors долбоорунун алкагында коомдук илимдер жаатында прикладдык изилдөөлөр боюнча англис тилинде жүргүзүлө турган квалификацияны жогорулатуу курстарына жазылууга арыздарды кабыл алат.

Кыргызстанда изилдөө жана окутуу менен алектенген, англис тилинде макала жарыялоону каалаган докторанттар жана кенже илимий кызматкерлер төмөндөгү Google-форманы толтуруп, окууга каттала алат:

https://forms.gle/YbMnH8XWErjTa86V7

Орундар чектелүү. 

Окутуучу: доцент Ибрагим Конжак 

Узактыгы: 72 саат (аудиторияда 28 саат, 44 саат өз алдынча иштөө) лицензиялык сертификат

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү: 6-май, 2024-жыл.

Тренингдин узактыгы: 6-20-май, 2024 ж. (расписание катышуучулар менен макулдашылат) 

Форматы: Оффлайн / Онлайн

Курстун сайты: https://ocs.alatoo.edu.kg/course/view.php?id=2746

Өзүн-өзү каттоо: жаз 2024.

Кошумча маалымат тиркелет.