0%
Brand Image
Loading ...

Гарвард университетинин профессору менен жолугушуу

2024-жылдын 30-апрелинде АЭУда АКШгы Гарвард университетинин профессору Дэниел Эпштейн менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө АЭУ жана Гарварддагы Davis Center for Russian and Eurasian Studies борбору менен изилдөөлөр жаатында мүмкүн болгон кызматташуулар тууралуу талкууланды.

Davis Center for Russian and Eurasian Studies – Гарвард университетиндеги Евразия аймагын изилдөө борбору. Борбор инновациялык билим берүү, изилдөө жана заманбап көйгөйлөрдү терең түшүнүү менен келечектеги лидерлердин калыптанышына өбөлгө түзөт.

АЭУ профессорго конструктивдүү диалог үчүн ыраазычылык билдирет!

Сүрөт отчету: