1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Ушул күндөн тартып жыл сайын 23 сентябрь – кыргыз тили майрамы катары белгиленип келет.
2024-жылдын 24 сентябрында АЭУда Мамлекеттик тилдин урматына карата “Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун” аттуу салтанаттуу иш-чара өттү. Иш-чара Факультеттер аралык мамлекеттик предметтерди окутуу кафедрасы жана Студенттик турмуш бөлүмү тарабынан уюштурулуп, студенттер менен окутуучулар активдүү катышты.
Салтанаттуу иш-чара АЭУнун ректору, п.и.к., доцент Жылдызбек Жакшылыковдун жана социалдык маселелер жана Мамлекеттик тил боюнча проректор Семетей Абдрахмановдун куттуктоо сөздөрү менен башталды.
Андан соң төкмө акын Чынгызхан Кожошев мамлекеттик тилди даңазалап, аудиторияга мыкты маанай тартуулады. Мындан тышкары “Агама” бийчилер тобу жана “Кайбар” музыкалык ансамбли өздөрүнүн өнөрүн тартуулашты. Ошондой эле белгилүү ырчы Омар Жанышов белгилүү ырларын жандуу үн менен аткарып берди. Программанын жүрүшүндө Манас айтуу жана ар кандай кызыктуу оюндар уюштурулду. Ушул эле күнү университеттин аймагында китеп жарманкеси өттү.
Мамлекеттик тилге арналган салтанаттуу иш-чараны мыкты деңгээлде өткөргөндүгү үчүн уюштуруучуларга терең ыраазычылык билдиребиз!
Сүрөт отчету: